Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президент коронавирустун жаңы түрү менен ооруп калды

06.01.2021 09:19
454
Президент коронавирустун жаңы түрү менен ооруп калды

 Жаңы жылдык эс алууну өткөрүп Лондондо өткөрүп жаткан Армениянын президенти Армен Саркисян коронавирус инфекциясынын жаңы түрүн жуктуруп алды. Бул тууралуу президенттин кеңсесинен билдиришкен.


«Президент Армен Саркисян Жаңы жылды Лондондо үй-бүлөсү жана неберелери менен тоскон. 3-январда Саркисяндын бутуна операция ийгиликтүү жасалган. Бирок, президентте коронавирустун жаңы түрүнүн белгилери байкалган. Ал тест тапшырып, тест оң натыйжасын көрсөткөн. Президент Саркисян өзүн изоляцияга алууда жана убактылуу өз ишин алыстан жүргүзө берет», - деп билдиришти Армениянын Президентинин кеңсесинен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн