Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 00:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президент коррупцияга каршы кеңештин жыйынына катышат

16.11.2021 09:11
409
Президент коррупцияга каршы кеңештин жыйынына катышат

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.


Иш-чарага Кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышат.


Өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.


Жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат.


Түз эфир 10-00дө башталат.


Эске салсак, Кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн