Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

06.03.2022 22:15
1097
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Бүгүн, 6-мартта президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Эрбол Султанбаев дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырат.


"Урматтуу кыргызстандыктар жана ММКнын өкүлдөрү! 


Сиздерден сураныч. Дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. "Интернеттен алдык" деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса "сөз эркиндигин ооздуктап жатат" деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар",- деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн