Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 09:52
USD
86.70
87.20
EUR
99.40
100.40
RUB
1.050
1.095

Президенттин маалымат катчысы акыркы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу пикирин билдирди

24.02.2022 17:15
665
Президенттин маалымат катчысы акыркы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу пикирин билдирди

Бүгүн, 24-февралда Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев акыркы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу пикирин билдирди.


“Айбек Жунушалиев борбордун турмушун, муниципалдык түзүмдөрдүн ишин жакшыртуу боюнча белгилүү иштерди жүргүздү.


Эми ага мындан кем эмес жооптуу жана татаал иш чөйрөсү ишенип берилди. Мында борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын айыл өкмөттөрүнөн тартып министрликтерге жана ведомстволорго чейин бардык деңгээлинде көзөмөлдөө зарыл. 

Жаңы кызматта ал мыкты жыйынтыктарды көрсөтөрүнө ишенебиз. 


Өз кезегинде Бишкектин жаңы мэрине борбор калааны эффективдүү өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча артыкчылыктуу тапшырмалар берилди.


Ошондой эле, Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Кубатбек Кожоналиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганын билдиребиз”, - деп билдирди Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн