Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 07:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президенттин маалымат катчысы социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого тыюу салынды деген маалыматты төгүндөдү

27.04.2022 15:34
882
Президенттин маалымат катчысы социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого тыюу салынды деген маалыматты төгүндөдү

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактарда жана мессенжерлерде   Орозо айт майрамы белгиленбесин деп тарап жаткан маалыматты төгүндөдү.


"Мессенжерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудиотасма тарап жатат. Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем.


Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз",- деди Султанбаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн