Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент мамлекеттик туунун авторлоруна ардактуу наамдарды ыйгарды

03.03.2022 18:16
343
Президент мамлекеттик туунун авторлоруна ардактуу наамдарды ыйгарды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Кыргызстандын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик символдун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана Эдил Айдарбеков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.


Мамлекет башчысы сүрөтчүлөрдү – мамлекеттик символдордун биринин авторлорун 30 жылдык мааракеси менен куттуктады. “Кыргыз элинин желеги ар дайым бейпил асманда желбиреп турсун. Өлкөбүздө молчулук, токчулук болсун”, - деди Садыр Жапаров.


Ал мамлекеттик туунун авторлоруна баа жеткис салымы, өлкөнүн эң маанилүү символдорунун бирин жаратканы жана республиканын көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн чоң ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан элинин руханий маданиятын байытууга кошкон салымы үчүн сүрөтчү, С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынын окутуучусу Жусуп Матаевге жана сүрөтчү, “Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр бирлигинин” Бекбосун Жайчибековго “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамы ыйгарылды. Ошондой эле, Н. Исанов атындагы курулуш, транспорт жана архитектура Кыргыз мамлекеттик университетинин архитектура кафедрасынын ага окутуучусу Эдил Айдарбековго “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды.


Мамлекеттик желектин авторлору алардын эмгеги бааланганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн