Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти

02.12.2021 17:10
594
Президент менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Жарлык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.


Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасы түзүлөт.


Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн