Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Президент “Өмүр булагы” реабилитациялык борборуна 3 млн сом бөлөт

15.10.2021 11:34
1098
Президент “Өмүр булагы” реабилитациялык борборуна 3 млн сом бөлөт

КР президенти Садыр Жапаров майыптыгы бар балдар үчүн “Өмүр булагы” реабилитациялык борборун ишке берүүгө карата уюштурулган кайрымдуулук фондуна 3 млн сом бөлдү.


Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин аталган борборду куруу менен “Мээрим булагы” кайрымдуулук фонду алектенип келген, бирок кийин курулуш токтоп калган.


“Үстүбүздөгү жылы мартта мен борборго барып, анын абалы менен тааныштым. Жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине борборду калыбына келтирүү жана ишке берүү тапшырмасы берилди”, - деди ал.


Ошондой эле президент борборду ачуу 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө пландалганын белгиледи.


“Эгер марафондо чогулган демөөрчүлөрдүн каражаты жетпесе, анда биз жаңырган жылы борбордун курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлөбүз”, - деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн