Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент окуган мектеп 45 миллионго капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

05.07.2023 13:11
265
Президент окуган мектеп 45 миллионго капиталдык оңдоодон өткөрүлөт


Түп районунун Кең-Суу айылында Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы мектептин эски имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.


Анын айтымында, тендерди Мамкурулушка караштуу Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы жарыялаган. Бул максаттарга 45 миллион 184 миң 342 сом сарптоо пландалууда.


Белгиленгендей, бардык иштер окуу жылы башталганга чейин бүткөрүлүшү керек.


Ачык булактардын айтымында, имарат 1968-жылы курулган. Бул мектепте президент Садыр Жапаров билим алган.


Буга чейин аталган айылда 525 окуучу орундуу билим берүү мекемесинин жаңы имаратынын курулушу башталганы маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн