Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон кыргызстандыктарды сыйлады

10.02.2022 16:28
479
Президент өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон кыргызстандыктарды сыйлады



Бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерге жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Сыйлыктар маданият ишмерлерине, мугалимдерге, экономисттерге, курулушчуларга, саламаттыкты сактоо системасынын, мамлекеттик кызматтын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, байланыштын, дене тарбия жана спорттун, айыл чарба тармагынын кызматкерлерине, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине жана башка көптөгөн адамдарга ыйгарылды.


Мамлекет башчысы өз сөзүндө мейли аскер кызматчысы болобу, же айыл чарбасы менен энергетика тармагынын адамы болобу, мейли шаарыбыздын тазалыгын көзөмөлдөгөн ишкананын мээнеткеч жумушчусу болобу, же массалык маалымат каражатынын өкүлү болобу, адал эмгектенген ар бир адам коомду жакшыртууга салымын кошуп жатканын белгиледи. 


Президент Садыр Жапаров биримдикти жана ынтымакты сактап, жапа тырмак иш кылсак, бабалар мурастаган мамлекеттүүлүгүбүздү, жерибизди, нускалуу элибизди өнүктүрүп-өстүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана аларыбызды белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн