Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент өлүм менен коштолгон жол кырсыктарынын алдын алуу маселеси боюнча Ниязбековго тапшырма берди

14.06.2021 10:14
2011
Президент өлүм менен коштолгон жол кырсыктарынын алдын алуу маселеси боюнча Ниязбековго тапшырма берди


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштады.

Садыр Жапаров адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, ошондуктан Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн