Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент өзүнө жардамчы алган деген маалымат жалган

04.12.2021 10:35
921
Президент өзүнө жардамчы алган деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда КР президентинин жардамчысын дайындоо боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.


Маалымат ылайык, социалдвктармактарда жана өлкөнүн маалымат ресурстарынын биринде кайсы бир Мелис Абдыбаитовду КР президентинин жардамчысы кылып дайындаганы тууралуу маалымат тарады.


«Ушуга байланыштуу бул маалымат чындыкка дал келбестигин жана жалган экенин коомчулукка маалымдоону маанилүү деп эсептейбиз.


Мындай аракеттери менен айрым адамдар коомчулукту адаштырып жатат деп эсептейбиз.


Жаран М.Абдыбаитов мамлекет башчынын жардамчысы да, КР президентинин администрациясынын кызматкери да эмес жана С. Н. Жапаровго эч кандай тиешеси жок.


ЖМКларды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын ишенимдүү, расмий тастыкталган маалыматка гана ишенүүнү суранабыз», – деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн