Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 10:46
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент өзүнүн Ош облусундагы өкүлүн катуу сынга алды

28.12.2022 17:55
497
Президент өзүнүн Ош облусундагы өкүлүн катуу сынга алды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Жыйында президент Ош облусу боюнча акыркы 15 жылда мыйзамсыз курулган турак-жайлардын саны 15 миң 84 болгонун айтты.

“2020-жыл мен бийликке келгенде ал жерлер трансформацияланарын айткам. Азыр болгону 16 эле документ берилиптир. Калганына эмнеге бербей жатасыңар?” - деп суроо салды өлкө башчы.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов 16 миң 196 үйдүн жери трансформацияланмак экенин айтып жатканда, Жапаров эки жыл мурун 15 миң 84 болгонун белгилеп, эмнеге көбөйүп кеткенин сурады.

Бирок президенттин өкүлү бул суроого так жооп бере алган жок.

“Кара-Суу районунда 16 адамга, Араван районунда 20, Өзгөн районунда 20 адамга кызыл китеп берилет. Кийинки жылдын биринчи кварталында документти толук берип бүтөбүз деп убада беребиз”, - деди Жамалдинов.

Садыр Жапаров үйлөрдүн саны 15 миңден 16 миңге көбөйүп кетишинде коррупциялык элементтер бар болушу мүмкүн экенин айтып, турак-жай курулуп калган жерлер гана трансформацияланарын кошумчалады.

Сөз соңунда Жамалдинов архиологиялык жана геологиялык чалгындоонун бүтүмүнөн улам жумуш кечеңдеп жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн