Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент пара алган Жумгал райондук сотунун судьясын убактылуу кызматтан четтетти

18.06.2022 18:35
424
Президент пара алган Жумгал райондук сотунун судьясын убактылуу кызматтан четтетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Арзиев Ачылбек Муракимович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эрнисбек Кошбаев
Баары мыйзамга ылайык болуш керек...