Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 20:37
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент партияга же талапкерге иштеген мамкызматкерлер жоопко тартыларын эскертти

21.10.2021 11:45
461
Президент партияга же талапкерге иштеген мамкызматкерлер жоопко тартыларын эскертти

Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, ал кызматтан гана четтетилбестен, жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу  президент Садыр Жапаров 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен болгон республикалык жыйында билдирди. 


Мыйзам бузуулар үчүн акимдер, айыл өкмөт башчылары эле эмес, талапкердин же партиянын ишине катышкан күч түзүмдөрүнүн, билим берүү жана медициналык мекемелердин кызматкерлери да жооп беришет.


"Мен эч ким жазасыз калбай турганын эскертким келет",- деди президент. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн