Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент "23-августту улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду

22.08.2022 20:19
467
Президент "23-августту улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Президент “Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын тексти:


“2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.


Каза болгондорго аза күтүү менен алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылам:


 

1. Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августу улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок        иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Урбекова Алия
Биздин адилеттуу ажобуз Жапаров Садыр Нуркожоевичке терен ыраазычылыгымды билдирмекчимин, коп жашаныз, Кудайдан омурунузду тилейбиз, элибизде сиздей мыкты уулдар коп оссун, келечектин умуту, мыкты адамдын кузгусу болуп журо бериниз, бар болунуз, иштеринизге ийгилик!