Бугу 12, 2024
Убакыт: 17:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Президент "Азаттык" медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды

11.02.2023 13:49
269
Президент "Азаттык" медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Эркин Европа/Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды анын өтүнүчү менен кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Мамлекет башчы Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экенин, сөз эркиндиги болсо коомдун турмушунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.


Президент Садыр Жапаров баардыгы үчүн бирден-бир талап – бул улуттук мыйзамдарды сактоо экенин, ага ылайык жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынганын баса белгиледи.


Өз кезегинде Джейми Флай Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жогорку деңгээлин ырастады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн