Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 12:26
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент "Бужум" аскердик полигону жана "Головной" суу бөлүштүрүү жайына барды (фото)

06.05.2021 21:35
979
Президент "Бужум" аскердик полигону жана "Головной" суу бөлүштүрүү жайына барды (фото)


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Башкы” суу бөлүштүрүүчү жайга барды.


Мамлекет башчысы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыкты.


Жыйынтыгында Президент тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайдын техникалык абалын модернизациялоону тапшырды.


Садыр Жапаров “Бужум” полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн