Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Президент "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу пикирин билдирди

13.08.2021 13:08
627
Президент "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров жаңы тартылып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу пикирин билдирди. Бул президент социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Урматтуу мекендештер!


“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасынын тартылып жаткандыгы боюнча билдирүү берип коеюн деп чечтим. Анткени менин атым да аталып жатат. 


Кинорежиссёр Өмүрзак мырза менин кабыл алуумда болгону анык. Кино тартайын деп жатам деген идеясын айткан. Иштейм деген жараныбызды иштебе деп кантип тыям? 


Бирок ошол эле мезгилде бир шарт койгом. 

«Бул тема жөнөкөй тема эмес. Ошондуктан, тасманы тартып бүткөнүңүздөн кийин манасчыларды, ак сакал-көк сакалдарды, тарыхчыларды, кыскасы, өнөр адамдарынын баарын бир залга чогултуп алып, биринчи көрүп чыгалы. Кемчиликтери болсо толукташсын, аша чапкан жери болсо алып салышсын. Андан кийин анан чыгарасыз. Болбосо чыгарбайсыз» деген шарт койгом",- деп билдирүү калтырган президент.


Сабырдуулук кылып күтө тургула. 

Ар нерсенин өзүнүн убагы келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн