Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Студенттин өлүмү: Президент Адинай Мурзабекованын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

15.07.2020 09:10
1133
Студенттин өлүмү: Президент Адинай Мурзабекованын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


«Борбор калаадагы убактылуу стационарлардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенип жаткан И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз», - деп өкүнүү менен белгиледи мамлекет башчысы.


Адинай Мурзабекова күч-кубатын, ден соолугун аябастан, өз милдетин кайратмандык менен аткарганын жана калктын саламаттыгын, адам өмүрлөрүн сактап калууга баа жеткис салым кошкондугун президент баса белгиледи.


«Адинай Мурзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтылат президенттин көңүл айтуусунда. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн