Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:18
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Президент судьялардын ротацияланышы оң натыйжа берип жатканын билдирди

05.08.2022 13:55
1067
Президент судьялардын ротацияланышы оң натыйжа берип жатканын билдирди

«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо», - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Жогорку сотко барып, судьялар менен жолугушуусунда.


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысы сот системасын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири судьяларды ротациялоо болгонун белгиледи.


«Мындай масштабдуу ротация өлкөбүздө биринчи жолу жүргүзүлдү, анын себептерин былтыркы жолугушууда жана судьялардын быйылкы Курултайында айткан элем. Аны ишке ашырууда кыйынчылыктар болбой койбойт, бирок ал максатына жетсе, элдин үмүт-тилеги акталат», - деп баса белгиледи ал.


Президент Садыр Жапаров соттордун ротациясы эмне үчүн жасалганын түшүндүрүп берди.


«Ротация – оор процесс. Үй-бүлө менен бир жерден экинчи жерге көчүп барып, жашап, иштеш кыйын. Бирок, бул мамлекет, келечек муундар үчүн абдан жакшы. Бир эле жерде 10-14 жыл отуруп, иштеп калган соттор бар. 150 дело ишти жоготуп жиберген соттор болгон. Бул кандай абал?», - деген Президент, ротация учурунда аймактардан келген соттор квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алып, тажрыйбалуу соттор аймактардагы иштин сапатын жогорулатарын кошумчалады.


«Муну менен 5-10 жылда кесипкөй адистер өсүп чыгат. Берилген маалыматка караганда, судьялардын ротациясынын туура болгонун баамдап, оң жыйынтыктарды бере баштады деп айтууга болот. Сот тутумундагы көйгөйлөр көп жылдар бою чечилбей келгени баарыбызга маалым. Мен аткаруу бийлигин жетектей баштаган маалда мамлекеттин кандай оор акыбалда болгонун өзүңүздөр жакшы билесиздер. Элибиздин колдоосу жана жалпыбыздын аракетибиз менен бир топ ийгиликтерге жетиштик», - деди Садыр Жапаров.


«Эгерде өлкөбүздө ынтымак жана биримдик болсо, ийгиликтер эселеп көбөйүп, мамлекетибиз тез арада оңолуп, туруктуу өнүгүү жолуна түшөбүз деп ишеничтүү айталам», - деп белгиледи ал.


Мамлекет башчы соттордун иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине да токтолду. Ал ротацияланган судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу, облус борборлорунда судьялар үчүн заманбап имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатканын эске салды.


«Мамлекет тараптан судьялардын иштөөсүнө бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз. Андан кийин сиздерден бир гана талап болот, таза жана адилет иш алып баруу», - деп айтты ал.


Садыр Жапаров учурда өлкөнүн 40 облусунда 300дөн ашык турак жай курулуп жатканын, бул үйлөрдү курууга пайдубал түптөлүп бүткөнүн белгиледи.


«Кудай буйруса жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет. Төрагалары гана эмес, иштеп жаткан судьяларга чейин үй менен камсыз болот», - деди Мамлекет башчысы.


Президент судьялардын ишинин деңгээлин көтөрүү максатында ушул жылдын август айынан тарта айлык акылары көтөрүлөрүн дагы бир ирет белгилеп кетти.


Андан тышкары, сот аткаруучулар менен сот приставдар үчүн кызматтык автоунаа менен камсыздоону чечүү маселеси каралып жатат.


«Бул багытта мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша мындан башка көптөгөн иштер аткарылып, колдоо көрсөтүлүп турат», - деди ал.


«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо деп эсептейм. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жетекчилигине сот системасында түзүлгөн жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу; судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюп, элдин ишенимине ээ болуу; жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө милдеттери жүктөлгөн», - деп билдирди президент Садыр Жапаров.


 


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эрнисбек Кошбаев
ОЗУ судьяларды тандоодо туура тандоо,мурда кандай иштеген жана ошол райондогу элдин пикирин угуп туруу зарыл