Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 09:30
USD
86.70
87.20
EUR
99.40
100.40
RUB
1.050
1.095

Президент укук коргоо органдарынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча тапшырма берди

11.02.2022 18:27
680
Президент укук коргоо органдарынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча тапшырма берди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Кеңешмеде өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, анын ичинде мамлекеттин чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.


Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамаларын угуп, күжүрмөн жана кызматтык даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле алардын ишин координациялоонун натыйжалуулугун чыңдоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн