Бугу 10, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президент уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш тууралуу комментарий берди

16.10.2023 10:33
1325
Президент уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш тууралуу комментарий берди


Бишкекте ушул жылдын 4-октябрында атайын операция учурунда кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) жок кылынды. Бул окуя коомчулукта азыркыга чейин кызуу талкууланып, ар кандай сөздөр, пикирлер айтылууда. Ал ортодо уюшкан кылмыштуу топ, алардын лидерлери деген түшүнүк Кыргызстанда таптакыр жок болушу керек дегендер да бар. Биз буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун пикирин билдик.

— Уюшкан кылмыштуу топтун лидери делген Камчы Көлбаевдин УКМКнын операциясы учурунда жок кылынышы акыркы күндөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган темалардын бири болду. Аны жактагандар да, жектеп, сындагандар да бар. Камчы Көлбаевди өлтүрбөй кармаса болбойт беле деген да пикирлер жок эмес. Сиз бул операция даярдалып жатканын билдиңиз беле?

— Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп.

Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн делип иш аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү.

— Негизи эле криминалдык чөйрө коомчулуктун, мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө кандай таасир этет? Уюшкан кылмыштуу топ, алардын лидерлери деген түшүнүк өлкөбүздө таптакыр жок болушу керек дегендер бар. Ошол эле учурда "Кайсыл бир көйгөй жаралса мамлекеттик түзүмдөргө караганда кримавторитеттерге кайрылсаң алар тез чечип берет" деген пикирди кармангандар да жок эмес. Ушуга пикириңиз кандай?

— Негизи өнүккөн мамлекеттерде кримдүйнө деген түшүнүк жок. Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн