Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент: Өзгөчө абал режимин киргизип, күч менен көзөмөлдөө чарасына барбайбыз

30.06.2020 11:13
2703
Президент: Өзгөчө абал режимин киргизип, күч менен көзөмөлдөө чарасына барбайбыз


Өзгөчө абал режимин киргизип, күч менен көзөмөлдөө чарасына азырынча барбайбыз, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып.  

Анын айтымында, Кыргызстандын аймактарда карантин дагы деле күчүндө, комендатуралардын ыйгарым укуктары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген. Кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча жоопкерчиликтерди өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө шаар мэрлерине, айыл өкмөттөрүнө жана район жетекчилерине жүктөлгөн.  

Биз карантиндик чаралардын талаптарын так аткаруу менен гана кырдаалды көзөмөлдөй алабыз. Азырынча өзгөчө абалды киргизип, күч менен көзөмөлдөөгө барбайбыз”, - деди президент.

Ал кошумчалагандай, экономикалык ишкердүүлүк жанданганы менен санитардык чектөөлөр алынган жок. Жарандар, ишкерлер коопсуздук чаралардын бардык нормаларын сактоого милдеттүү. Жарандык жоопкерчиликти жана өз милдеттерин так аткарса, татыктуу жеңип чыгабыз деген ишенич бар. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн