Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президент жалган маалыматтан коргоо жөнүндө чуулуу мыйзамга кол койду

24.08.2021 08:21
652
Президент жалган маалыматтан коргоо жөнүндө чуулуу мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.


Конституция ар кимдин ар намысын коргоо укугуна кепилдик берет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктук аткарылышын камсыздайт.


Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.


Муну менен, мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт.


Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн