Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:13
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент жаңы министрлик негиздеп, жаңы министрди кызматка дайындады

26.10.2021 16:25
803
Президент жаңы министрлик негиздеп, жаңы министрди кызматка дайындады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, аталган Жарлык менен президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизилет.


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.


Ошондой эле Дастан Догоевдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.


Бул Жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмүнө киргизүүнү карайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн