Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 00:36
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент жаңы жылдан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясын 50 тыйынга түшүрүүнү тапшырды

26.11.2021 13:30
1174
Президент жаңы жылдан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясын 50 тыйынга түшүрүүнү тапшырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди төмөндөтүүнү тапшырды.


“Азык-түлүк жана тарифтерге баа кымбаттап жатат. Мамлекет тарабынан мүмкүн болгон жардамды берүү керек. Өлкөдө жөлөк пул алган 110 миң 518 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Алар азыр оор абалда турат, эгер ар бир үйдө 5 адамдан болгондо эле 500 миң адам”, - деди мамлекет башчысы..

Садыр Жапаров Экономика жана коммерция, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Энергетика министрлигинин башчыларына 2022-жылдын 1-январынан тартып ушул категориядагы үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифин киловатт саатына 50 тыйынга чейин төмөндөтүүнү тапшырды.


“Калган 27 тыйыны мамлекет тарабынан субсидияланат. Бул тапшырманы аткарууга бир ай убакыт берем. 31-декабрга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин кайра карап чыгуу зарыл”, - деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн