Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президент жазгы аскердик кызматка чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

24.02.2023 19:21
226
Президент жазгы аскердик кызматка чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2023-жылдын март–майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Коргоо жана КР Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» КР Мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» КР Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык токтом кылынат:


— мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары КР Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.


— чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2023-жылдын март–майында КР Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн