Бирдин айы 22, 2025
Убакыт: 00:33
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.965
1.020

Президент жеңил таксилердин ишин лицензиялоону киргизүүнү караган мыйзамга кол койду

20.02.2025 17:26
96
Президент жеңил таксилердин ишин лицензиялоону киргизүүнү караган мыйзамга кол койду


Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 22-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.


Мыйзам “Транспорт жөнүндө” КР мыйзамы менен “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамынын ортосундагы коллизияны жоюу максатында, ошондой эле КР президентинин 2021-жылдын 7-декабрында № 548 “Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.


Мыйзам менен жол коопсуздугун жогорулатуу үчүн жеңил таксилердин ишин лицензиялоону киргизүү каралган.


Мындан тышкары, мыйзам менен автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (анын ичинде жеңил таксилерге дагы) жана автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулар иштеринин лицензияларынын колдонуу мөөнөтүн чектөө киргизилүүдө.


Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн