Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент жер амнистиясын кечеңдеткен мыйзамды жокко чыгарды

07.03.2023 14:30
264
Президент жер амнистиясын кечеңдеткен мыйзамды жокко чыгарды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пункту алып салынды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.


Анын айтымында, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.


“Эске салсак, мамлекет башчы 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен болгон сүйлөшүүдө министрлер кабинетинин аталган токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Жаңы конушка барып келгенден кийин президент бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды”, - дейт ал.


Орунбеков бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилгенин белгиледи.


“Президент ар дайым, өзгөчө жарандардын турмушуна түздөн-түз тиешеси бар маселелерде, бюрократиялык процесстерди минималдаштыруу милдетин коюп келет. Кечээ мамлекет башчынын катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде жер мунапысын ишке ашыруу боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. Президенттин тапшырмасын аткарууну кечеңдеткен жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деп жазат Орунбеков.


Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 конушунда үй түрттүрүлүп, А.Ш. аттуу аял балдары менен көчөдө калган видео интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге бой үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган аял менен жолуккан. Президент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн