Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент жерлерди трансформациялоодогу коррупция тууралуу айтты

16.11.2021 11:38
427
Президент жерлерди трансформациялоодогу коррупция тууралуу айтты

Жер сатуу - алдамчылардын, шылуундардын алектенген иши болуп келген. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда, президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отурумунда билдирди.


Садыр Жапаров жерди трансформациялоо маселесинде да бир топ көйгөйлөр бар экиндигине токтолду.


“Мындай жагымсыз көрүнүштөрдү болтурбоо максатында "Жерди трансформациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгом. Ошондуктан жерлерди инвентаризациялоо маселесин жана жерлердин бардык категорияларынын акыркы реестрин аныктап-тактап, бүткөрүү зарыл. Жерлерди трансформациялоодо мурунку кетирилген каталарга жол бербей, буга чейинки трансформациялоонун сабактарын эске алуу абзел. Өзгөчө, Бишкектин айланасындагы жерлерди трансформациялоо боюнча көптөгөн коррупциялык схемалардын бети ачылууда. Аткарган кызматына карабай, коррупцияга тиешеси болгон бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек”, - деп баса белгиледи Жапаров.


Белгилей кетсек, Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин отурумуна кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышууда.


Жыйындын алкагында өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн