Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Президент жыл сайын элдик курултайдын алдында отчет берүүгө ниеттенүүдө

05.05.2021 12:21
597
Президент жыл сайын элдик курултайдын алдында отчет берүүгө ниеттенүүдө

“Мен жыл сайын жалпы элдик курултайдын алдында Президенттин иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турууга ниеттенип жатам”,-деди президент Садыр Жапаров элге кайрылуу учурунда.


“Элибиздин татыктуу жашоосун, алардын коопсуздугу менен укуктарын камсыз кыла алабыз деген бекем ишенимдемин. Биз сиздер менен мамлекеттин саясий турмушун гана турукташтырбастан, экономиканы, коомдун жашоосун жакшыртууга умтулабыз. Жаркын келечекке карай аракеттенүү процесси башталды”,-деди өлкө башчы.


Президент жалпы элибиз менен бирдикте, эл талап кылган иш-чараларды аткарууга менин күчүм жана эрким жетет деп белгиледи.


“Биздин сапар — келечекке, татыктуу жашоого, өсүп-өнүгүүгө карай улуу сапар деп терең ишенем. Мындай улуу мүдөө-максатты кыргыз эли өз тарыхында бир эмес, бир нече жолу ишке ашырган. Биз дагы сиздер менен биргеликте бул максатты ишке ашырабыз”,-деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн