Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:10
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Президент жубайы менен казак маданият күнүнүн ачылышына катышты (фото)

08.10.2021 08:45
2121
Президент жубайы менен казак маданият күнүнүн ачылышына катышты (фото)

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган гала-концертке барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.


Иш-чара Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өттү.


Гала-концерт алкагында эки өлкөнүн маданият чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүштү, алардын ичинде Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, СССРдин эл артисти Алибек Днишев, Казакстандын эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаева, Курмангазы атындагы казак улуттук эл аспаптары оркестри, домбрачылар ансамбли, «МузАрт» эстрадалык тобу жана башка маданият ишмерлери бар.


Иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн