Бугу 08, 2024
Убакыт: 13:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Президентке чек арада талкаланган үйлөрдүн ордуна "Мадина" шаарчасын куруу сунушталды

05.05.2021 08:14
1907
Президентке чек арада талкаланган үйлөрдүн ордуна "Мадина" шаарчасын куруу сунушталды

Баткендеги жаңы Мадина шаарчасы! 

Урматтуу кыргызстандыктар! Учурда Баткенди калыбына келтирүүгө карапайым журт, бизнес, бийлик жана эл аралык коомчулук ири каражаттарды берип баштады, көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Убакыттан пайдаланып, түшүп жаткан акчаны максималдуу түрдө максаттуу пайдаланууга чакырам! Ал үчүн Лейлектин тажик тарап кол салган айылдардын биринин аймагында, күйгөн үйлөрдүн ордуна эмес, өзүнчө жаңы жерге кичи шаарча курууну сунуштайм! Мадина аталышын ала турган бул шаарчаны аймактын социалдык-маданий, саясий-экономикалык борборуна айлантуу керек. Ага өзгөчө макам берүү менен шаарда ишкана ачам, бизнес жүргүзөм деген жактарды 10 же 15 жылга салыктан бошотуу. Мадинада билим берүүнү Бишкектеги эң алдыңкы мектептерден кем калбагандай деңгээлде жүргүзүүнү камсыздоо зарыл. Ошондо ата-энелер иш менен камсыз болуп, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө мыкты шар түзүлмөк! Бул демилгени жергиликтүү эл да, жалпы кыргыз журтчулугу да колдойт деген ишеничтемин!

Урматым менен Рахматулла Кудайбердиев

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жыргалбек
Мен макул болмокмун молодцы.
Мендайым
Кудайбердиевдин демилгеси ото сонун демилге колдоо керек. Мен колдойм.