Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 22:36
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Президенттер бири биринен кечирим сурап, өңгүрөп ыйлашы керек болуп калат окшойт

07.05.2021 11:13
1328
Президенттер бири биринен кечирим сурап, өңгүрөп ыйлашы керек болуп калат окшойт


...коммунисттик бийликти кулатып демократия орнотсо эле оңолобуз,- деп ойлогом, бийликке да келдим бирок өлкөнү өйдөлөтө албай жүдөдүм; үй-бүлөмдү бийликке аралаштырбайм, - дедим эле, бийликке келгенимен соң уулум, үкам,..шоопурум, досторум аралашып кетти; светтин тарифин оңой эле түшүрсө болот, - дедим эле, көрсө антүү туура эмес экен; Кумтөр маселесин оңой эле чечсе болот, - деп айтып келдим эле, көрсө ал да татаал маселе экен; чек араны арыдан бери тарс-турс чече салса болот, - деп сайрап келдим эле, көрсө аны чечүү деле опурталдуу экен деп ачык айтууга, охо-оооо кандай ДУХ керек ээ? Анүчүн "...мен бийликте эмес кезимде оңой эле сезилген маселелерди бийликке келген соң өтө татаал экенин түшүнүп, аны шар чече салуу кыйын экенин так сездим..." деп Аскар Акаев Апсамат Масалиевден, Курманбек Бакиев Аскар Акаевден, Отунбаева-Атамбаев баштаган убактылуу өкмөтчүлөр Курманбек Бакиевден, Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевден, Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурап, бири бирин кучактап шолоктой өңгүрөп "кечир эле кечир..." деп ыйлашы керек болуп калат окшойт аа?..


Эрнис Кыязов, журналист

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн