Бугу 07, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Президенттердин жолугушуусу: Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып келүүнү ким демилгелегени айтылды

21.02.2023 08:14
272
Президенттердин жолугушуусу: Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып келүүнү ким демилгелегени айтылды

20-февралда "Азаттык" радиосунун "Эксперттер талдайт" берүүсүндө Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Дубай шаарында өткөн президент Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу айтып берди.


Темирлан Султанбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусуна таянып, президенттердин жолугушуусунда Курманбек Бакиевди өлкөгө кайтаруу демилгеси көтөрүлгөнүн, буга Атамбаев каршы чыгып, Садыр Жапаров анын сунушун кабыл аларына ишенимин билдирген.


Султанбеков мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу демилгеси ошол столдо отурган бир киши тарабынан көтөрүлгөнүн билдирип, ал президент Садыр Жапаров эмес экенин кошумчалады.


Эскерте кетсек, Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жана президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттердин жолугушуусунда Бакиевди кайтарып келүү маселеси көтөрүлбөгөнүн билдирип, Садыр Жапаровдун максаты элдин биримдиги экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн