Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 11:47
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президентти коштоп бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, УКМКнын кызматкери каза болду (видео)

04.06.2021 19:20
1479
Президентти коштоп бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, УКМКнын кызматкери каза болду (видео)

Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү каза тапты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.


Окуя бүгүн, 4-июнда, Садыр Жапаров Ысык-Көлгө барганда болгон.


"Кортеждеги унаа Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен унаа менен кагышты. Алдын ала маалымат боюнча каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон", — деп айтылат маалыматта.

Окуянын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү набыт болуп, үч киши жабыркаган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн