Кулжа 08, 2025
Убакыт: 10:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.095
1.125

Президенттик администрацияда дагы дайындоолор орун алды

21.05.2021 12:12
1248
Президенттик администрацияда дагы дайындоолор орун алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.


Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Жанузаков Адилет Канатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Сазыков Эркин Орозбекович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн