10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу системасы боюнча референдум болуп өттү.
Кечки саат 18:00гө карата калктын 33 пайыздан ашыгы катышканы белгилүү болду. Муну менен жалпы элдик добуш берүү референдум өттү деп эсептелгени айтылды.
Баарынан кызыктуусу президенттик шайлоо жана калктын катышуусу болду. Кечки саат 20:00дөн кийин БШКнын сайтынан алынган алдын ала жыйынтык боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуулар башталды. Шайлоо жыйынтыгы боюнча добуш берген шайлоочулардын 79 пайызы Садыр Жапаровго добуш берген. Анын эң негизги оппоненти катары айтылган Адахан Мадумаров добуш берүүчүлөрдүн 6% добушка ээ болгон.
Буга байланыштуу биз социалдык тармактарда президенттик шайлоо жыйынтыгын кандай кабыл алганына саресеп салууну туура көрдүк.
Анда көпчүлүк колдонуучулар Садыр Жапаровдун жеңишин куттуктаган. Бирок ошол эле Садыр Жапаровго чоң жоопкерчилик түшкөнүн эске салгандар да бар.
Ал эми башка талапкерлердин тарапташтары шайлоо кысым менен өткөнүн айтышып "кожоюндары" сыяктуу шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын айтышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн