Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 17:15
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президенттин Администрациясы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

14.07.2021 08:43
777
Президенттин Администрациясы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Президенттик администрациянын кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо кампаниясынын алкагында эмдөөдөн өтүшүүдө. Бул тууралуу администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Буга чейин Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырган.


Президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылган.


Мындан сырткары, Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын аң-сезимдүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүп, ден соолукту сактоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Адистердин айтымында, эмдөөдөн өтүү өзүн жана башкаларды инфекциядан сактоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн