Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга ылайык өзүнүн жана өкмөттүн мурдагы аппараттарынын негизинде жаңы администрациясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Ага ылайык:
— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Сатыев Медербек Асанбекович — Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;
— Зулпуев Бектур Рысбаевич — Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары;
— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн