Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президенттин Ашхабаддагы иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

28.11.2021 19:06
721
Президенттин Ашхабаддагы иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун бүгүн, 28-ноябрда, Түркмөнстандын борбору – Ашхабад шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Сапардын алкагында Мамлекет башчысы өлкөнүн лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышты.


Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркмөнстандын Президенттери соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечектеги пландарды белгилешти.

Жумушчу сапарын улантып, Садыр Жапаров ЭКУнун Саммитинде сөз сүйлөп, анда Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү Уюмдун маанилүү ролун белгиледи.


Мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмунун алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде гидроэнергетика тармагында өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты түзүүнү сунуштап, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.


Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ЭКУга мүчө-мамлекеттердин лидерлерин экономикалык өсүштө жана чөлкөмдү өнүктүрүүдө экономика үчүн артыкчылыктуу болгон транспорт жана коммуникациялар, өнөр жай, энергетика, соода жана инвестиция, туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда тийиштүү стратегия иштеп чыгып, аны ишке ашырууда чечкиндүү болууга чакырды.

Саммиттин жыйынтыгында Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчылары жыйынтыктоочу документти – ЭКОну динамикалык уюм катары бекемдөөгө, ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле жалпы баалуулуктарды жана кызыкчылыктарды түзүүгө багытталган иш-аракеттер боюнча Ашхабад консенсусун кабыл алышты.


Президент Садыр Жапаров жумушчу сапарын аяктаган соң бүгүн, 28-ноябрда, кечинде Бишкекке кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн