Теке 09, 2025
Убакыт: 04:15
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн көк бөрү боюнча кубогу өтүүдө

30.01.2024 16:09
656
Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн көк бөрү боюнча кубогу өтүүдө


Раззаков шаарында президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн көк бөрү боюнча кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Оюнда облустун район-шаарларынан топтолгон жалпы 5 команда күч сынашууда.

Оюндун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атайын сыйлыктары, диплом, медалдар жана кубок ыйгарылат.

Белгиленгендей, спорттук иш-чараны Көк бөрү федерациясы өкүлүчүлүк менен биргеликте уюштуруп жатат.

Спорттук мелдештин ачылыш аземине облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, Лейлек районунун акими Канимет Осмонбеков, Көк-бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев катышып, командаларга ийгилик каалашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн