Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президенттин Чолпон-Атадагы резиденциясынын жыйындар залын оңдоого 112 млн сом керектелет

26.07.2021 13:40
817
Президенттин Чолпон-Атадагы резиденциясынын жыйындар залын оңдоого 112 млн сом керектелет

Чолпон-Ата шаарындагы президенттин резиденциясындагы жыйындар залы оңдоого 112 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда белгилүү болду.


Долбоордун жалпы суммасы 112 миллион сомду түзөт. Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков аны жарым-жартылай Россия каржылаганын айтты. Россия Федерациясы Кыргызстанга конференц-залдын курулушуна жана телекоммуникациялык жабдууларды жана видеобайкоо жабдууларын сатып алууга 44,5 миллион сом грант бөлгөн.


Президенттин жана министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Тилек Батырканов кошумчалагандай, жыйындар залы 15-августта пайдаланууга берилет. Биринчи жолугушуу ошол жерде болот.


«Жыйындар залы 300 кишиге ылайыкталган. Бул Бишкектеги Ала-Арча резиденциясындагы конгресс-холл сыяктуу болот", - деди Тилек Батырканов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн