Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө бүгүн, 8-июлда документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү.
Ошентип, төмөнкү документтерге кол коюлуп, алмашылды:
- Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун Биргелешкен билдирүүсү;
- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы ишеним чаралары боюнча макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана Жерди аралыктан зонддоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы стандартташтыруу, метрология, продукциянын шайкештигин баалоо жана аккредитациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы социалдык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен Тажикстан Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга карата жеткирүү, өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телевидение жана радио боюнча комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту менен Тажикстан айыл чарба илимдер академиясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- “Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Тажикстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Ишкердик кеңешти түзүү жөнүндө” макулдашуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн