Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Президенттин Түркияга болгон сапары. Эмгек мигранттары үчүн документтер арзандады

11.06.2021 15:38
1154
Президенттин Түркияга болгон сапары. Эмгек мигранттары үчүн документтер арзандады

Түркиядагы кыргызстандыктардын иштөөсүнө уруксат берүүчү документтердин баасы 71,7% га арзандады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды. 


Түркияда иштөө үчүн документтердин пакетинин жалпы баасы мурунку 283 доллардын ордуна азыр 80 долларды түзөт.


Мындан тышкары, арыз ээсинин эсебинен жумушка уруксат алуу үчүн төлөм жокко чыгарылды. Учурда уруксатты Түркиядагы түз жумуш берүүчү төлөйт.


Визасыз режимде иштегендер Түркиядан чыгып, кайра кирем деп убара болбой, өлкөдө жүрүүнү мыйзамдаштыра алышат. Бул үчүн алар түрк иш берүүчүсүнөн күбөлүк алышы керек, андан кийин Түркияда иштөөгө уруксат алышат. Эгерде калуунун мөөнөтү бүтсө, анда жаза колдонулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн