Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Президенттин администрациясы туристтерди чочутуп албоо үчүн негативдүү маалыматтарды таратпоого чакырды

02.05.2023 11:35
249
Президенттин администрациясы туристтерди чочутуп албоо үчүн негативдүү маалыматтарды таратпоого чакырды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.


Орунбеков өзүнүн кайрылуусунда туризм сезонунун алдында Кыргызстанда болуп жаткан негативдүү маалыматтарды таратпоого чакырды.


"Баарыңыздар жакшы билесиздер, биз башка өлкөлөр менен туризм жаатында атаандаша алабыз. Тоо туризмине кызыккандар ириде жаратылышы жагымдуу өлкөлөрдү тандашат. Бул да башкы себеп эмес, туризм үчүн албетте өлкөдөгү коопсуздук дагы эң маанилүү. 

Алдыңкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негативдүү маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак. 

Мүмкүн болсо жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырсак пайдалуу болот эле.


Ал эми кырсык, кылмыштарды зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифтер менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт",- деди Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн