Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Ага ылайык президент ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү фактыларын алдын алган атайын кеңеш түзүлөрүн билдирди.
"Президенттик администрацияга тапшырма берем. Жакынкы аралыкта "Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш - коомдук башталышта" түзүлөт. Ушуга бүт ишкерлер мүчө катары кирсе болот. Мыйзамсыз текшерүүлөр бара турган болсо ушул кеңешке же Башкы прокуратурага кайрыласыздар. Андан ары мен өзүм көзөмөлдөйм", - деп билдирди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн