Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңешке жаңы башкы катчы дайындалды

12.07.2021 12:34
1166
Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңешке жаңы башкы катчы дайындалды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Муканова Нуруйпа Аалиевна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Эске салсак, буга чейин Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн.


Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн