Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 17:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президенттин балдар укугу боюнча өкүлү кызы менен такси айдаган жарандан кабар алды

12.08.2021 08:55
364
Президенттин балдар укугу боюнча өкүлү кызы менен такси айдаган жарандан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Свердлов райондук администрациясынын, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Свердлов районунун райондук билим берүү башкармалыгынын жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте жашоо шартынын оор абалына байланыштуу жашы жете элек кызы менен таксиде иштөөгө аргасыз болгон жалгыз бой адам менен жолугушту.


Жолугушуу учурунда жаран ал туш болгон оор кырдаал, социалдык коргоо жана бала бакчага берүүгө байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.


Жыпариса Рысбекова Н. Мухамеджановго аталган маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин, мындай оор акыбалдан чыгаруу үчүн аларга укуктук, медициналык, социалдык жана башка зарыл жардамдар көрсөтүлөрүн билдирди.


Ошону менен бирге Н.Мухамеджановго кызын түнкүсүн жумушка жанына алып жүрүүгө жол берилбестиги жана баланын дени сак чоңоюшу үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Жолугушуунун жыйынтыгында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тиешелүү кызматтарга үй-бүлө менен жекече иш алпаруу планын түзүү, балага бала бакчадан орун берүү жана мамлекеттик жөлөкпул дайындоо маселелерин чечүү жана үй-бүлөнү Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан социалдык колдоого алуу жаатындагы иштерди тез арада уюштуруу жана башка маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн